Быйыл борбор калаа боюнча 8 миңден ашуун көчөт отургузулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев «Марал» радиосунда «Талаш. Талкуу» программасын алып барып жатып билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаарынын ар бир районунда 2 миңге жакын көчөт отургузулду.
«Октябр районунда 1 миң 847 жалбырактуу жана 1 миңден ашуун ийне жалбырактуу бак отургузулду. Ал эми Биринчи Май районунда 2 миңге жакын көчөт тигилсе, Ленин районунда 1 жарым миңден ашуун дарак отургузулду. Мындан сырткары Свердлов районунда да 1 миң 258 көчөт тигилди», — дейт Түлөбаев.
Ал буга кошумча, Чыгыз Айтматов проспекти менен Апсамат Масалиев-Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде 10 гектар аянтка парк курулуп жатканын кошумчалады.
Эске салсак, бүгүн радио күнүнө карата «Марал» радиосунда өлкөбүзгө таанымал адамдар эфир алып барышууда.