Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 10 гектарлык парк качан ачылары айтылды

Кыска кабар | 23 Апр 2019 | 789 | 0

Бишкек өзүнүн “жашыл шаар” деген аталышын кайра калыбына келтириши керек. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-апрелде Бишкектин түштүк тарабындагы жаңы парк курула турган жерде капсула салып жатып билдирди.

Мамлекет башчысы Бишкек ар дайым өзүнүн жашыл бак-дарактары, кооз аллеялары жана тазалыгы менен белгилүү болуп, “жашыл шаар” деп аталып жүргөнүн баса белгиледи.

Биздин өлкөнүн борбор шаарынын башкы байлыгы таза аба жана жакшы экология болушу керек. Жаңы парктарды салуу, шаарды жашылдандыруу жана экология жарандардын жашоосу учүн баарынан маанилүү. Паркта өнүккөн инфраструктура жана ар тараптуу, анын ичинде активдүү дагы эс алуу үчүн, зарыл шарттар түзүлүшү керек”, — деди Сооронбай Жээнбеков.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов өлкө башчыны болочок парктын курулушунун долбоору менен тааныштырды.

Кошумчалай кетсек, Чыгыз Айтматов проспекти менен Апсамат Масалиев-Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгаша турган парктын аянты 10 гектар. Долбоордо жөө жүрүүчүлөр үчүн коммуникация, 17 миңден ашуун чарчы метр тротуарлар, жарыктандыруу, жашылдандыруу, балдар аянтчасы, спорт аянтчасы, велосипед жолдору, 160 орундуу унаа токтотуучу жай жана башкалар каралган. Бүгүнкү күндө тротуарларга асфальтбетон жана таманташтарды орнотуу жумуштары аткарылууда.

Курулуш иштерин 2019-жылдын 31-августуна карата бүтүрүү пландалган.

Copyright © 2017 Maral FM