Биз менен байланышыңыз

Мыйзамсыз ташылып бараткан 29 тонна күйүүчү май колго түштү

Кыска кабар | 3 мая 2019 | 486 | 0

«Чоң-Капка — Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинде мыйзамсыз ташылып бараткан 29 тонна күйүүчү май колго түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады.

Казакстан тараптан келген «MАN» жүк ташуучу унаасындагы чиркегичти текшерүүгө алышканда, андагы жүк документте көрсөтүлгөн товар эмес, 29 тонна күйүүчү май болуп чыккан.

Жүктү чек арадан мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылганы үчүн 1986-жылы туулган А. Ж. аттуу Кыргызстандын жараны кармалып, жүгү менен кошо Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилген.

 

Copyright © 2017 Maral FM