Биз менен байланышыңыз

Таласта 30 тоннадан ашык контрабандалык күйүүчү май кармалды

Кыска кабар | 12 Мар 2021 | 772 | 0

Талас облусунда күйүүчү-майлоочу каражаттарды мыйзамсыз ташып бара жаткан оор жүк ташуучу (бензовоз) унаа кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, күйүүчү май ташуучу унаа Бишкек-Ош жолундагы Чычкан капчыгайынан кармалган. Жүктүн жалпы көлөмү 30 тоннадан ашык болгон.

Учурда, тиешелүү эксперттик топ дайындалып, иштин бардык жагдайларын жана бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM