Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча 15 кадам алдыга жылды

Дүйнө , Кыска кабар | 3 мая 2019 | 474 | 0

Кыргызстан бир жылдын ичинде сөз эркиндигинин рейтинги боюнча 15 кадам алдыга жылып, 83-орунду ээледи. Бул тууралуу «Чек арасыз кабарчылар» уюму жасаган «Чыгыш Европа жана Борбордук Азиядагы жалпы деградация жана айрым жерлердеги алга умтулуу үмүтү» аттуу отчеттук баяндамасында айтылат.

«Дүйнөлүк басма сөз эркиндиги боюнча Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү акыркы орундарда калып келет»,- деп айтылат аталган баяндамада.

Маалыматка ылайык, сөз эркиндиги боюнча эң жакшы өсүш Армения менен Кыргызстанда байкалган. Кыргызстан 15 кадамга көтөрүлүп, 83-орунга жылса, Армения былтыркы жылга салыштырмалуу 19 кадам алдыга озуп, 61-катардан орун алган. Ал эми Өзбекстанда да оң жыйынтык байкалып, +5 көрсөткүчү менен 160-орунга жылган. 2016-жылы диктатор Ислам Каримов кайтыш болгондон кийин, маалымат булактары бир аз эркин жазып баштаганы айтылат.

Ал эми Түркменстан былтыркыдан 2 кадам ылдыйлап, 180-орунга түшкөн.

«Кара зонага» өзгөчө тездик менен жакындаган өлкө — Тажикстан. Анда бир жыл ичинде сөз эркиндигине болгон кысым күчөп, 12 кадам артка кетип, 161-катардан орун алган. Көпчүлүк көз карандысыз тажик ММКлары куугунтукка кабылып, же жабылууга аргасыз болгон.

Белгилей кетсек, бүгүн, 3-май — бүткүл дүйнөлүк эркин басма сөз күнү. Ал 1994-жылдан бери белгиленип келет.

Copyright © 2017 Maral FM