Биз менен байланышыңыз

Казакстанда өкмөткө каршы нааразылык акциясы өтүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 1 мая 2019 | 686 | 0

Казакстандын Нур-Султан жана Алма-Ата шаарларында жүздөгөн кишилер уруксатсыз митингге чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги билдирди.

Алма-Атада өкмөткө каршы нааразылык акциясы маданият жана эс алуу борбордук паркында, шаардык мэриянын имаратына жакын жерде өтүп жатат.

Митингдин катышуучулары алдыдагы президенттик шайлоого каршы чыгып жатышат. Алар ошондой эле майып балдарды жана көп балалуу энелерди коомдук коргоону талап кылып, атомдук электр ишканасынын курулбашын талап кылууда.

Полиция кызматкерлери митингге чыккандарды көзөмөлдөп турушат, бирок аларга каршылык көрсөткөн жок.

Эске салсак, дүйшөмбү күнү Казакстандын башкы прокуратурасы жарандарды мыйзамсыз митингге чыкпоосун эскерткен болчу.

Copyright © 2017 Maral FM