Биз менен байланышыңыз

Нурсултан Назарбаев учурда кайсы шаарда экендиги айтылды

Кыска кабар | 8 Янв 2022 | 5301 | 0

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев учурда Казакстандын борбору — Нур-Султан шаарында жана ал президент Касым-Жомарт Токаев менен түз байланышта болуп, бир катар консультациялык жолугушууларды өткөрүүдө. Бул тууралуу Назарбаевдин кеңешчиси жана басма сөз катчысы Айдос Үкүбай өзүнүн Твиттер баракчасына жазды.

Айдос Үкүбайдын айтымында, Нурсултан Назарбаев учурда Казакстан менен жакын мамиледе болгон өлкөлөрдүн башчылары менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Басма сөз катчысы Нурсултан Назарбаевдин ошондой эле өлкөнүн бүтүндүгүн сактап калуу үчүн бардык күчтөрдү Казакстандын президентинин айланасына биригүүгө үндөй тургандыгын жазган.

Copyright © 2017 Maral FM