Биз менен байланышыңыз

Нур-Султан — Алматы аба каттамы ишин кайра баштады (сүрөт)

Дүйнө , Кыска кабар | 1 мая 2020 | 749 | 0

Бүгүн Алматыдан алгачкы жүргүнчүлөр Нур-Султан аэропортуна учуп келишти. Учуп келген учак саат 09: 40та борбор калаанын аба порту менен кайрадан учуп кетти. Бул тууралуу Tengrinews.kz. сайты жазды.

Нур-Султан жана Алматы аэропорттору жүргүнчүлөр үчүн 30-мартта жабылган болчу. Бир айлык тыныгуудан кийин бүгүн кайрадан ишин башташты.

Учуудан мурун, бардыгы учурдагы кырдаалды эске алып, стандарттык процедуралардан өтүп, дене табы өлчөнүп, коронавирустун жоктугу тууралуу күбөлүктөрү каралып жана жеке коргонуу каражаттары текшерилди.

Аэропортто күнүнө эки жолу дезинфекция жана жалпы тазалоо жүргүзүлөт.

Нур-Султан менен Алматы шаарынын ортосундагы аба каттамдарын жандандырууну президент Касым-Жомарт Токаев жарыялаган. 4-майдан тарта Казакстандын дагы төрт шаарына каттамдар иштей баштайт.

Copyright © 2017 Maral FM