Биз менен байланышыңыз

Нур-Султанда биринчи жолу ачык асман алдындагы китепкана ачылат

Окурмандар жана поэзия ышкыбоздору үчүн Нур-Султан шаарында «ачык асман алдындагы китепкана» ачылат. Бул тууралуу шаардык акимчиликтин расмий сайты билдирди.

Мындай акция борбор калаада биринчи жолу болуп жатат. Бул уюшулган иш-чара жай мезгилинин ар ишемби күндөрү өткөрүлүп турат.

Ачылыш аземге акын, адабий сынчы, Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, Эл аралык «Алаш» адабий сыйлыгынын лауреаты, Казакстан жазуучулар союзунун шаардык бөлүмүнүн мүдүрү Даулеткерей Капулы катышат. Ал автордук ырларын окуп берет.

Иш-чара 12-июнда саат 11де болот. Белгилей кетсек, окурман менен автордун жолугушуулары санитардык талаптарды сактоо менен өткөрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM