Биз менен байланышыңыз

Лондондон Нур-Султанды көздөй учкан Air Astana’нын учагы шашылыш түрдө Москвага конду

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Июн 2019 | 646 | 0

Air Astana авиакомпаниясынын учагы шашылыш түрдө Москвадагы Шереметьево аэропортуна конду. Учак Лондондон Нур-Султанды карай багыт алган. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, КС-942 каттамы техникалык маселеден улам түнкү саат 03:18де Москва шаарына штаттык режимде конууга мажбур болгон.

Жүргүнчүлөр жабыр тартпаганы айтылууда. Алар Москвадан Нур-Султанга бүгүн саат 12:50дө жеткирилерин авикомпаниянын кызматкерлери билдиришти.

Буга чейин, 23-июнда да ушундай абал катталган. Ташкенттен Алматыны карай багыт алган Air Astana компаниясынын учагы техникалык маселеден улам Чымкент шаарына конууга мажбур болгон.

Copyright © 2017 Maral FM