Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Митингде 80 адам кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Мар 2020 | 879 | 0

1-мартта Казакстандын Алматы жана Нур-Султан шаарларында бийликке каршы митингде 80 адам кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер минстри Ерлан Тургумбаев маалымдады.

Министрдин айтымында, алар тыюу салганына карабастан өлкөдө башаламандыкты жаратышкан. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң, кармалгандардын дээрлик баары бошотулган. Алардын айрымдарына айыппул салынса, айрымдары административдик жазага тартылган.

Кармалгандардын саны 80ге жетти.  Митингге чыккандарды полиция кармап кетти. Vласти басылмасынын маалыматы боюнча, кармалгандардын арасында 25-февралда тергөө абагында каза болгон активист Дулат Агадилдин сүрөтүн көтөрүп чыккан аял да бар.

Андан сырткары, журналист Асель Джанабаева жана активист Данай Калиева да болгон. Алар Дулат Агадилди колдоп чыгышкан.

25-февралда Нур-Султанда тергөө абагында 1977- жылы туулган саясий активист Дулат Агадил каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM