Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков студенттерди Кытайдан алып келүүгө жардамдашканы үчүн Токаевге рахмат айтты

Кыска кабар | 3 Фев 2020 | 657 | 0

Бүгүн, 3-февралда, президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Президенттер эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулап, жакынкы келечекке карай пландарды белгилешти.

Сооронбай Жээнбеков кыргыз жарандарын Кытайдын Ухань шаарынан Бишкек шаарына алып келүүдөгү көрсөткөн көмөгү үчүн Касым-Жомарт Токаевге ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, кыргыз тараптын кайрылуусу боюнча Кыргызстандын жарандары Ухань шаарынан Нур-Султан шаарына Казакстан тараптын жардамы менен жеткирилип, андан ары аларды мекенине Бишкек шаарынан барган атайын учак алып келген.

Copyright © 2017 Maral FM