Биз менен байланышыңыз

Кытай Казакстанга тажрыйбалуу дарыгерлер тобун жөнөтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Апр 2020 | 1474 | 0

COVID-19 менен күрөшүүдө казакстандык дарыгерлерди колдоо үчүн 9-апрелде Кытай Казакстанга дарыгерлер тобун жөнөтөт. Бул тууралуу coronavirus2020.kz расмий сайты жазды.

Кытай делегациясынын миссиясы коронавирустук инфекцияны алдын-алуу жана коронавирусту жуктурган бейтаптарды дарылоодо казакстандык дарыгерлерге консультативдик жана методикалык жардам көрсөтүү, анын ичинде COVID-19дун алдын алуу жана контролдоо механизмдери, тууган-туушкандарды аныктоо жана изоляциялоо механизмдери менен таанышуу болуп саналат. Ошондой эле, учурдагы клиникалык дарылоо протоколдору боюнча сунуштарды беришет.

Бул демилгени 24-мартта мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө сунуш кылган.

7-апрелде Казакстандын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Л. Актаеванын төрагалыгы астында, Кытайдын Саламаттыкты сактоо комитетинин өкүлдөрү жана кытайлык дарыгерлер менен онлайн жолугушуу болуп өттү.

Бул онлайн жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 13 адистен турган кытай делегациясынын программасын ар тараптуу талкуулашты.

Кытайдан дарыгерлер делегациясы Нур-Султанга 9-апрелде атайын борт менен келет. Ошондой эле, делегация менен Кытайдан гуманитардык жардамдын экинчи бөлүгү келери күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM