Биз менен байланышыңыз

Нур-Султанда пневмония менен ооругандардын саны кескин өстү

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Июн 2020 | 728 | 0

Нур-Султанда пневмония менен ооругандардын саны кескин өстү. Бул тууралуу казакстандык Tengrinews.kz басылмасы шаардын коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Сауле Кисиковага шилтеме кылып жазды.

Анын айтымында, күнүнө 600 адам пневмония менен дарыгерлерге кайрылышууда. Мурдараак кайрылгандардын сан күн сайын 80 адамды түзгөн.

-Күн сайын 350-400гө жакын бейтап коронавирус жана пневмония диагнозу менен ооруканаларга жаткырылат. Жугуштуу жана убактылуу ооруканаларда дарыланып жаткан адамдардын саны 2,5 миң адамга көбөйдү. Алардын 91 пайызы орточо деңгээлдеги оорулуулар, тогуз пайызы оор жана өтө оор абалда, — деди Кисикова.

Ал белгилегендей, бир жуманын ичинде эле бейтаптардын саны үч эсеге көбөйгөн.

-Жандандыруу бөлүмүндө 103 бейтап бар, алардын 51и коронавирус болсо, пневмония болгон 22 адам өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарга кошулган. Тилекке каршы, 38 адам каза болду. Алардын 70 пайызы 60 жаштан ашкан адамдар. Пневмония менен ооруган адамдардын саны күнүнө 600гө чейин өскөн, — деди Кисикова.

Copyright © 2017 Maral FM