Connect with us

Керималиев: Түштүктө жазгы талаа иштеринин 95 %ы бүттү

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Май 2019 | 804 | 0

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев «Марал» радиосуна берген маегинде жаз эрте келгендиктен, өлкөнүн түштүк аймагында айдоо-себүү иштери 95 % бүткөнүн билдирди.

Анын айтымында, учурда Ысык-Көл менен Нарын облусунда жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жатат. Ал эми Чүйдө кызыкча жана жүгөрү себүү иштери гана калды. Жалпысынан өлкө аймагында жазгы талаа иштери пландын негизинде жүрүүдө.

Жазгы талаа жумуштары үчүн Кыргызстанга 39 миң тоннадан ашык күйүүчү май керектелет. Учурда 28 миң тонна күйүүчү жана майлоочу май бар. Дыйкандарды күйүүчү май менен камсыздоо 75 %га жетти.

«Айыл чарбанын техникалык паркы жылдан-жылга байып жатат. Лизинг маселеси абдан жакшы жүрүүдө. Быйыл 350 даана техника берилди. Бизге жалпысынан 22 миң трактор керек болсо, учурда 19 миңден ашуун трактор бар. Мындан сырткары, «Айыл чарбасын каржылоонун VI-VII долбоорунда дыйкандар насыяларды жеңил алып жатат. Мурда айыл чарба тармагында банктар насыяларды ким алып жатканын банктык сыр деп айтчу эмес. Азыр маалымат ала алабыз», — дейт Керималиев.

Ал кошумчалагандай, фермерлердин асыл тукум мал кармоого өтүшү чоң жетишкендик. Асыл тукум малды көбөйтүү — Айыл чарба министрлигинин приоритеттүү багыты. Министрлик ферлерлерге асыл тукум мал таап берүү боюнча да колдоо көрсөтөт.

Copyright © 2017 Maral FM