Биз менен байланышыңыз

Кылкандуу дан өсүмдүктөрү 173,4 миң гектар аянтка себилди

Кыска кабар | 6 Апр 2020 | 488 | 0

Республика боюнча жазгы айдоо 291,1 миӊ гектар аянтта жүргүзүлүп, тапшырма 47,4% аткарылып, өткөн жылдан 37,3 миӊ гектарга көп. Бул тууралуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-апрелге карата күздүк кылкандуу дан эгинди азыктандыруу жер-жерлерде жүргүзүлүп, тапшырма 89,2 миӊ гектар аянтта же 74,7% аткарылды. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 11,1 миӊ гектарга көп.

Мындан сырткары, буудай жана арпа себүү иштери да жогорку темпте ишке ашырылып жатат. Бүгүнкү күндө республика боюнча жазгы кылкандуу дан өсүмдүктөрү 173,4 миӊ га аянтка себилип, тапшырма 56,4% аткарылды, бул 2019-жылдын ушул мөөнөтүнө караганда 24,8 миӊ гектарга көп.

Copyright © 2017 Maral FM