Биз менен байланышыңыз

9 айда айыл чарба продукцияларынын тышкы соода жүгүртүүсү 17,7%га көбөйдү

Кыска кабар | 2 Дек 2019 | 447 | 0

9 айда айыл чарба продукцияларынын тышкы соода жүгүртүүсү 660,1 млн долларды түздү. Ал өткөн жылдын аталган айларына салыштырмалуу 17,7%га көбөйгөн. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.

Анын айтымында, экспорттук сатуулар 24,9%га көбөйүп, 184,8 млн долларды түзгөн. Ал эми импорттук продукциянын келиши 9,9%га өсүп, 475,4 млн долларды түзгөн.

Жаныбек Керималиев билдиргендей, 9 айда тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын продукциялары 12 млрд 890 млн 300 миң сомго экспорттолгон. Өткөн жылга салыштырмалуу 27,3% өскөн. Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы продукцияларынын импорту 33 млрд 162 млн 200 миң сомду түзгөн. Ал 2018-жылга караганда 9,9%га көп.

Copyright © 2017 Maral FM