Биз менен байланышыңыз

Суу чарба объектилерин курууга 190 млн сом бөлүндү

Кыска кабар | 10 Июн 2019 | 622 | 0

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев министрликке караштуу суу чарба жана мелиорация департаментинин 2019-жылдын сугат мезгилине мамлекеттик ирригациялык объектилерди даярдоо боюнча жана ушул жылдын 5 айындагы сугат иштеринин жүрүшү боюнча коллегиясына катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Республикалык бюджеттен суу чарба объектилерин куруу боюнча ушул жылга 350,0 млн. сом мерчемделип, ушул жылдын 1-июнуна карата 190,0 млн. сом каржыланды.

1-июнга карата «капиталдык салымдар» боюнча 221,0 млн. сомдук курулуш иштери аткарылып, анын ичинде 4 объектиде 183 млн. сомдук курулуш иштери жүргүзүлүп, 38,0 млн. сом долбоорлорду иштеп чыгууга жумшалды.

Copyright © 2017 Maral FM