Биз менен байланышыңыз

Айыл чарба министрлиги экспортту алдыга жылдыруу боюнча бөлүм ачат

Кыска кабар | 19 Июн 2019 | 454 | 0

Өлкөнүн Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги экспортту алдыга жылдыруу боюнча бөлүм ачат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

Министр жаңы бөлүм Тышкы иштер министрлиги менен тыгыз иштешээрин айтат.

«Бөлүмдө 5 киши иштейт. 5-июлда сынак жарыялайбыз. Буга чейин министрликте мындай бөлүм болгон эмес», — деди ал.

Ошондой эле, негизги кардар Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө өлкөлөр жана Өзбекстан менен Тажикстан болорун маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM