Биз менен байланышыңыз

Айыл чарба министри алгачкы иш сапарын Тогуз-Торо районунан баштады

Кыска кабар | 10 Июн 2019 | 736 | 0

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна алгачкы иш сапары менен барды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Иш сапарында Тогуз-Торо районунун аймагында жайгашкан Чоң Ак-Күп, Ак-Талаа, Доржу сугат каналдарын жеринен көрүп, көйгөйлөрдү чечүү боюнча Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиевге тапшырма берди. 

Мындан сырткары, кайра иштетүүдө иш-аракеттер жүрбөй жаткандыгын баса белгилеп, Тогуз–Торо райондук агрардык башкармалыгынын башчысына тийиштүү чара колдонорун билдирди.

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясында жергиликтүү дыйкан-фермерлер менен жолугушууда, айыл чарба багытында сугат каналдарды калыбына келтирүү, жайыт маселеси, кайра иштетүү жана башка көйгөйлөрдү угуп, элдин сунуштарын талкуулашты.

«Айыл аймактардын, элдин көйгөйлөрү менен жеринен таанышып, маселени жеринен чечүү — бул, менин биринчи милдетим. Алдыда мындан башка да аймактарды кыдырып, айыл чарба багытында көйгөйлөр менен жеринен таанышып чечүүнү пландап жатам», — деди Эркинбек Чодуев.

 

Copyright © 2017 Maral FM