Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда 30 орундуу күндүзгү стационар ачылды

Кыска кабар | 15 Июн 2021 | 515 | 0

Жалал-Абад шаарындагы «Газпром» ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде 30 орундуу күндүзгү стационар иштеп баштады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мэриядан билдиришкендей, күндүзгү стационарга бейтаптар өздүгүн тастыктоочу паспорт, рентген кагазы жана ПЧР-тест менен баруусу шарт. Күндүзгү стационар саат 08:00дөн 20:00гө чейин иштейт.

Шаардык штаб COVID-19ду жуктуруп алган бейтаптардын саны өсүп баратканын эске алуу менен бир катар чечимдер кабыл алынды. Ага ылайык мекеме-ишканалар, банктар, соода жайлары, базарлар беткап тагуу режимин кармашы керек.

Тойкана, кафе, ресторандар орундуктардын санын эсепке алып, анын тең жарымына гана буюртма алуусу зарыл.

Кошумчалай кетсек, Жалал-Абад шаарында учурда 6 адам оор абалда коронавирус илдети менен күрөшүүдө. Ал эми пневмониянын жеңил түрү менен 78 киши үйүндө дарыланып жатат.

Жалал-Абадда соңку аптада коронавируска кабылгандардын саны өстү

Copyright © 2017 Maral FM