Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда соңку аптада коронавируска кабылгандардын саны өстү

Кыска кабар | 15 Июн 2021 | 488 | 0

Жалал-Абадда соңку аптада коронавирус жана пневмания оорусуна кабылгандардын саны көбөйүп, облустук ооруканын жугуштуу оруулар бөлүмү дээрлик толду.

Буга чейин жыл башынан тарта бейтаптар областтык клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулуулар бөлүмүндө кабыл алынып келген. Учурда 65 орунга ылайыкташкан бөлүмдө 61 оорулуу дарыланууда. Алардын ичинен 8и өтө оор абалда болсо, 35и кычкылтек концентратордун жардамында дем алууда. Дагы 348 адам үй шартында дарыланып жатат.

Акыркы учурда оору жугузгандардын саны өскөндүгүнө байланыштуу Ноокен жана Аксы аймактык ооруканаларындагы жугуштуу ооруулар бөлүмдөрү ачылды. Анда Ноокен, Базар-Коргон, Майлуу-Суу шаарларынын тургундары үчүн Ноокенде, Аксы, Ала-Бука, Чаткал району, Таш-Көмүр шаарлары үчүн Аксы аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү ишке кирип, бейтаптар дарыланууда.

Алдыда Сузак районунда да кабыл алуулар башталып, Жалал-Абад шаарындагы күндүзгү стационарлар ачылат. Облус башчысынын орун басары Ырысбек Ызабеков тийиштүү кызматтарга жергиликтүү бийлик менен бирге чектөөлөрдү кабыл алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, рейддерди күчөтүү тапшырмасын берди. Коомдук транспорттордогу жүргүнчүлөрдүн санын кыскартуу, санитардык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө зарылдыгын эскертти.

Copyright © 2017 Maral FM