Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн тартип бузуулары көзөмөлгө алынууда

Кыска кабар | 30 мая 2020 | 699 | 0

Окуу жылынын аяктаганына байланыштуу бүтүрүү салтанаттары, көңүл ачуу аземдери сыяктуу иш-чараларга тыюу салынганына байланыштуу Жалал-Абад облусунда милиция тартип бузуучулуктун алдын алуу максатында коомдук жайларды көзөмөлгө алып жатат.

Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлери таң эртеден кайгулдоо багыттарына бөлүнүшүп, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Ата-энелерге өз балдарына көзөмөл кылып, жаштардын топтошуп эс алуусуна жол бербөө керектиги эскертилип жатат.

Бүгүн 30-майда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн иш-чарасы онлайн форматында өткөрүлүүдө. Алардын майрамдык салтанаттарды билим берүү мекемелеринде, эс алуучу жайларда өткөрүүсүнө тыюу салынган.

Бүтүрүүчүлөрдүн көчөлөрдө автоунаалар менен жүрүүсүнө, эс алуу бактарында, жаратылыш койнунда, көлмөлөрдө майрамдык кечелерди өткөрүүсүнө уруксат берилбейт.

Copyright © 2017 Maral FM