Биз менен байланышыңыз

Белгилүү NICE компаниясында эмгектенген Нурилес — эл аралык «Ала-Тоо» университетинин бүтүрүүчүсү

Блог , Маек | 22 Июн 2021 | 8564 | 0

Кыргызстандык Нурилес Сополов 2008-жылдан бери Америкадагы дүйнөгө белгилүү компанияларда IT-менеджер болуп иштеп келет. Ал жакында эле Кыргызстанга кайтып келип, учурда дүйнөдөгү белгилүү NICE Systems компаниясында онлайн эмгектенүүдө.

NICE компаниясынан сырткары дүйнөдөгү алдыңкы аудитордук ишкана болгон KPMG копаниясында да иштеп, келишимдик мектептерде (charter schools) окуучуларга сабак берген мекендешибиз менен маек курдук.

— Нурилес мырза, алгач өзүңүз жөнүндө кыскача маалымат берип өтсөңүз. Кайсы жактан билим алгансыз?

— Өзүм Өзгөндөн болом, бирок Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда окудум. 7-классымда Жалал-Абад шаарындагы Курманбек баатыр лицейине тапшырдым. Аны бүтүргөндөн кийин 2002-жылы Эл аралык «Ала-Тоо» университетине окуп баштадым. Алгач англис тили бөлүмүндө окудум. Лицейден эле компьютерге кызыгуум бар болчу, ал тургай өтө катуу болчу десем да болот. Ошентип кийин компьютердик инженерия бөлүмүнө которулуп кеткем. Анан 2-курстан баштап университеттин Информациялык технологиялардын инфраструктурасында иштеп, серверлерине, графикалык дизайн жагына да жардам берип жаттым. Жарым ставкада университетте иштегенче окуп жаттым. Окууну аяктагандан кийин ошол жерде иштеп калдым. Бир жыл иштегенден кийин ошол жылдары Грин-картага тапшырып койгон элем, 2008-жылы Американы көздөй сапар алдым.

— Америкага биринчи келгениңизде кандай кыйынчылыктарды баштан өткөрдүңүз? Иш табуу оңой эле болдубу?

— Америкада бир досум бар болчу, анын тааныштары аркылуу келишимдик мектеп (charter schools) деп коюшат, Лас-Вегаста ушундай мектепте IT-инженер катары сабак берип баштадым, ошол эле учурда IT тармагында иштеп да баштадым. Мен ал жакка барып эле аңгемелешүүдөн өтүп, алар менин англис тилин билүүм жетишерлик деңгээлде экенин айтышты. Лицейде да, университетте да сабактар англисче болгондуктан, кыйналган жокмун. Албетте Америкага ар тараптан инсандар келгендиктен ар түрдүү диалект менен сүйлөшүп, түшүнүү кыйын, бирок бат эле үйрөнүп кеттик. Негизинен тил боюнча, билим боюнча эч кандай кыйынчылык болгон жок. Ошол эле учурда компьютер сабагы тандалма сабак болгондуктан, ал жактан сертификат да керек болгон жок. Ошого мен IT-инженер жана 9-11-класстарга компьютерден сабак берип баштадым. Үч жыл ошол жерде иштедим, кийин IT-менеджерге чейин бардым. Ошентип кайра Кыргызстанга келгенге туура келди, бияктан 7-8 ай Software компаниясында иштедим. 2013-жылы кайра Америкага келдим, Managed Service Provider деген кызмат болот, ал жакта 1 жылга жакын иштеп, андан соң Калифорнияга чакырышып, ал жакта да IT тармагында үч жылдай иштедим. Калифорниядагы фирмалар Техаска көчө баштады, анткени ал штат салыктардан бошотулган болчу, биздин фирма да көчтү, мен да фирма менен Далласка келдим. Ал жерде 2 жылдай иштеп, фирманын иши жакшы болбой баштаганда, башка жумуш карай баштадым.

—Андан кийинки иш тажрыйбаңыз кандай болду, жакшы жумуш таба алдыңызбы?

— KPMG деген аудитордук ишкана бар «Чоң төрттүктүн» бири деп коет. Ага «КПМГ», «Прайсуотерхаускуперс», «Делойт», «Эрнст» жана «Янг» деген ишканалар кирет. Ар биринин 200 миңден ашык кызматкери бар. Анын Кыргызстанда да кеңсеси бар. Мен болсо Далластагы кеңсесинде IT тармагында 1,5 жылдай иштедим. Андан кийин пандемия убагында NICE Systems деген дүйнөдөгү чоң компаниядан сунуш алдым. Булар Израилдин жогорку технологиялуу компаниясы болуп саналат. Аба кыймылын көзөмөлдөө, коопсуздук, телефон жана байланыш боюнча технологиялары бар. Менин командам чалуу борборлорундагы агенттерди оптималдуу башкаруу жаатында иш алып барат. Кардарларыбыз өтө көп. Алар City Bank, Western Union, Airbnb болуп саналат. Биздин программа аларга кийинки жумада же айда канча агент иштеши керектигин чыгарып берет. Азыр да ошол фирмада иштеп жатам. Бирок азыр Кыргызстандамын, аралыктан туруп иштеп жатабыз. Биздин саат боюнча кечки саат 19.00дө жумушута отуруп, эртең мененки саат 4.00гө чейин иштейм.

— Дүйнөгө белгилүү компанияларга иштеп калышыңызга эмне себеп болду? Кыргызстандан алган билимиңизби же талыкпаган эмгекпи?

— Биринчи кезекте «Сапатта» билим берген мугалимдериме ыраазымын. Андай деңгээлде билим болбогондо менин жашоом кыйын эле болмок. Ал жакка барып кыйналбаганымдын себеби да ошол «Сапат» билим берүү мекемелеринин жогорку деңгээлде берген билими деп ойлойм. Анткени эл аралык «Ала-Тоо» университетинде окуп жатканда өтө күчтүү профессорлор келип сабак берет эле. Өзгөчө операциялык система боюнча. Ошол жактан үйрөнгөндөрүмдүн баарын колдоно алдым. Ошол жерде үйрөнгөн негизги билимдин мааниси өтө чоң болду. Мындан сырткары эл аралык «Ала-Тоо» университетинде нетворкинг боюнча көп жолу практикадан өткөм, ошолордун чоң-чоң салымы болду.

— Эл аралык «Ала-Тоо» университетин кантип тандап калдыңыз эле? Башка университеттерден эмнеси менен айырмаланат?

— Жалпы тестирлөө менен медициналык тармактагы университетке өткөм, барып карап жүрөгүмө толгон жок. Ошол эле учурда эл аралык «Ала-Тоо» университетине да экзамен тапшырган болчум. Ал жакка да өткөн экем. Окуу жайларды тандап көрүп, «Ала-Тоого» барганда аябай жакшы тосуп алышкандыктан, контракт экенине карабай тандап алгам. Кийин туура эле тандаптырмын деп калдым, анткени биз бир үй-бүлө катары эле жүрдүк. Биз окуп жүргөндө азыркыдай студент көп эмес болчу. Кыргызстанга келгенде университетке барып көрдүм, эч өзгөрүү жок, азыркы студенттер деле бир үй-бүлө сыяктуу жүрүшөт. Бири-бирибиз менен өтө жакын болчубуз, оор татаал сабактардан экзамен болгондо бирөөбүздүн үйүбүзгө барып түнү менен даярданып чыгат элек. Аябай жакшы күндөр болчу.

— Азыр ЖРТнын жыйынтыгы чыгып, мектеп бүтүрүүчүлөрү окуу жай жана кесип тандоо алдында турат. Аларга кандай кеңеш берет элеңиз? Бүгүнкү күндө эң приоритеттүү болгон тармак кайсы?

— Азыркы күндө IT тармагы деп жатышат. Жылуу тема. Балким туурадыр. Бирок ар бир адамды эле IT тармагында ийгиликтүү боло алат деген кепилдик жок. Ошого менин оюмча ар бир адам эмнеге шыгы бар экенин ойлонушу керек. Кийин аттиң дебегидей, жумуштун майын чыгарып жасай турган тармак болушу керек. Эгерде ошондой болсо, анда бардык эле тармакта ийгиликке жетүүгө болот.

—Учурда IT тармагы боюнча ар түрдүү курстар бар, ага кызыккан жаштар да көп. Алардын көпчүлүгү чет өлкөгө барып иштөөнү кыялданышат. Сиздин оюңузча азыркы күндө жогорку билимдин мааниси кандай? 

— Мен  үчүн жогорку билим өтө маанилүү. Азыр bootcamp деп окуп жатышпайбы. Эгерде жумушка орношкон убакта мүмкүнчүлүгү жок болсо, кийин сөзсүз бир тармактан жогорку билим алышы керек. Жогорку билимдин өтө маанилүүлүгүнө терең ишенем.

— Алдыдагы пландарыңыз кандай? 

— Азырынча ушул фирмада эле калып, кийинки баскычтарга көтөрүлүүгө аракет кылып жатам. Мисалы, азыркы позициямдан бир канча жогорку позицияларга көтөрүлүү. Учурда алдымда чоң бир долбоор бар, ошол боюнча иштейбиз. Ошол долбоорду аман-эсен бүтүрүп алсак деген эле ойдомун. Андан кийинкиси буйруса, баары жакшы болот.

— Көп жыл чет өлкөдө жүрүп, мекенге кайтып келгенде эмнелерди байкадыңыз? Кыргызстанда кандай өзгөрүүлөрдү көрө алдыңыз?

Таксиге отурганда эле жарымынан көбү: «Кантип кетсек болот?» — деген суроо беришет.  Жаңы таанышкан адамдардын 80%дан көбү да ошондой эле суроо беришет. Бирок мен Кыргызстандын алдыда чоң бир өнүгүү жолуна түшөрүнө ишенем. Мынакей азыр  IT тармагында өнүгүүлөр жана кызыккандар көп болуп жатат. Мисалы, досум  IT тармагында окуусун Кыргызстандан эле бүтүрүп, Кыргызстанда эле отуруп алып ал жактан, бул жактан жумуш караштырып, азыр Украинадан буйрутма алып иштеп жатат. Ушундай окуялар өтө кубандырат. Мен ойлойм, биздин окуучулар да жакшылап аракет кылса, англис тилин мыкты үйрөнсө, IT тармагына шыгы болсо,  Кыргызстан үчүн чоң бир мүмкүнчүлүк ачылып, Кыргызстандын өнүгүүсүнө салымын кошот.

— Маегиңизге чоң ырахмат! 

Copyright © 2017 Maral FM