Биз менен байланышыңыз

Жайыттардагы караган-черди жок кылуу иштери жүрүүдө

Кыска кабар | 17 Июн 2019 | 520 | 0

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев Суусамыр өрөөнүндөгү жайыттарды каптап жаткан карагандан арылуу боюнча жүргүзүлгөн эксперменттик иштер менен жеринен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө, дайындалган адистер караганды техниканын жардамы менен жана химиялык заттарды колдонуу жолдору аркылуу жок кылуу иштери аткарылганын маалымдашып, жыйынтыгы боюнча айтып беришти. Натыйжада, тамыры терең болгондуктан, трактор менен казган учурда соконун тиштери сынып, көп чыгымга алып келген. Химиялык заттарды колдонууда жакшы натыйжа берген. Бул химиялык дары башка өсүмдүктөргө зыян алып келбейт. 

Министр Эркинбек Чодуев министрликтин тиешелүү адистерине, карагандын алдын алуунун ыңгайлуу жолун аныктоону жана ыкчам күрөшүүнү тапшырды.

Жергиликтүү малчылар караган тикенек өсүмдүк болгондуктан, мал жебегенин айтышып, жок кылып берүүнү суранышкан.

 

Copyright © 2017 Maral FM