Биз менен байланышыңыз

«Асыл тукум мал чарбачылыгына көңүл бурулбай жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Дек 2020 | 480 | 0

Кыргызстанда асыл тукум мал чарбачылыгына көңүл бурулбай жатат. Бул тууралуу К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин кафедра башчысы, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Асанбек Ажибеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда асыл тукум мал чарбасынын абалы оор. Көп азык алып, элин багам деген адам асыл тукум мал чарбасына басым жасашы керек. Ал эми бүгүнкү күндө койдун гана 4-5 породасы бар.

«Баарын жеке менчикке берип койсок, өнүгүп кетет» деген — туура эмес түшүнүк. Асыл тукум малга колдоо керек. Бул боюнча мыйзам да бар. Мындан сырткары алгачкы үрөнчүлүк чарбаларды мамлекет колдоп, дотация бериши керек», — дейт .

Ал белгилегендей, Кыргызстандын аймагы 20 млн гектар. Анын 9,2 гектары жайыт. Негизинен мал чарбачылыгына негизделген. Өлкөдө 6,5 миллиондун тегерегинде кой-эчки, 1,6 миллиондун тегерегинде уй, 500 миңден ашуун жылкы, 5 миллионго жакын канаттуу бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM