Биз менен байланышыңыз

«Тамак-аш коопсуздугу бир топ мамлекеттин биринчи көйгөйү»

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Дек 2020 | 836 | 0

Тамак-аш коопсуздугу Кыргызстан үчүн эле эмес, өнүгүп келе жаткан мамлекеттер үчүн да биринчи көйгөй. Мындай пикирин К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин кафедра башчысы, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Асанбек Ажибеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бардык мамлекеттик органдар, Өкмөт тамак-аш коопсуздугу маселесинин үстүндө иштеши керек.

«Эттин килограммы 400 сомдон жогору болуп жатат. Ал эми орточо пенсия 6 миң сом, айлык акы 15 миң сомдун тегерегинде. Ченем боюнча бир адам жылына 70 килограмдан ашык эт жеши керек. Чектөө киргизерден мурда эл менен да эсептешүү зарыл. Этти сыртка чыгаруу кажет, анткени фермер да киреше алышы шарт. Сыртка тирүү малды эмес, этти иштетип чыгарса болот», — дейт Ажибеков.

 

Copyright © 2017 Maral FM