Биз менен байланышыңыз

«Канча баш асыл тукум мал бар экенин эч ким билбейт»

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Дек 2020 | 627 | 0

Учурда өлкөдө канча баш асыл тукум мал бар экенин эч ким билбейт. Мындай пикирин К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин кафедра башчысы, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Асанбек Ажибеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, асыл тукум малдын санын тактоо үчүн өлкө боюнча малдын түрүнө эсептөө жүрүшү керек. Мындай эсеп акыркы жолу 2013-жылы жүргүзүлгөн. Андан бери кайра эсептөө боло элек. Буга атайын каражат бөлүнүшү керек.

«Орусияда СССР мезгилиндегидей асыл тукум малдын эсеби жүрөт. Ал үчүн атайын институт иш алып барат. Ал эми биз: «Жеке менчикке берсек, баары жакшы болуп кетет экен», — деп койдук. Учурда өлкөдө Тян-Шань, Алай тукумундагы койлорду сактап калууда кыйынчылык бар», — дейт Ажибеков.

Ал айыл чарба адистеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча окутуулар жүрүзүлүшү керектигин кошумчалады.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM