Биз менен байланышыңыз

Ибраев: Өлкөдө 263 асыл тукум мал чарбасы бар

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Дек 2020 | 657 | 0

Асыл тукум малдын санын көбөйтүү жана жаңы породаларды алып келүү боюнча иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин мал чарба бөлүмүнүн башчысы Рахатбек Ибраев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, асыл тукум малды өстүрүү боюнча программа кабыл алынып, иштеп жатат. Мындан сырткары жакында жаңы долбоор кирет.

Өлкөдө 15 миңге жакын асыл тукум кой, Таласта жаңы породадагы 35 баш таза кандуу жылкы бар. Жалпысынан 263 асыл тукум мал чарбасы иштейт.

Алдыда айыл чарба адистеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча окутуулар жүрөт.

Ибраев асыл тукум малды эсептөөгө көп каражат кетерин белгилейт.

“Канча баш асыл тукум мал бар экенин эч ким билбейт”

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM