Биз менен байланышыңыз

Ибраев: Койдун жүнү сатылбай турат

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Дек 2020 | 649 | 0

Чек аралар жабык болгондугуна байланыштуу койдун жүнү сатылбай жатат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин мал чарба бөлүмүнүн башчысы Рахатбек Ибраев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«2018-жылы жүндүн килограммын 300 сомдон сатышса, быйыл 110 сомго түшүп калды. Койдун жүнүн сатып ала тургандар жок болууда. Кытай сатып алчу эле, чек ара жабылып, көйгөй жаралууда. Жүндү кайра иштетүү боюнча бизде программа бар, иштер жүрүп жатат», — дейт Ибраев.

Ал эми К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин кафедра башчысы, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Асанбек Ажибеков Кыргызстанда жүндү кайра иштетүүгө бардык шарттар бар экенин белгилейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM