Кыргызгидромет билдиргендей, 29-декабрда өлкөдө жаан-чачын болбойт. Кээ бир жерлерге туман түшөт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгалак болот.
Шамалдын багыты өзгөрүп, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +5…+10,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9,
Баткен облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +6…+11,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз +11…+12,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5,
Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -4…-9.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы -2…-4, күндүз +2…+4 градус болот.