Биз менен байланышыңыз

Казакстанда тамакка ууланган бүлөнүн 2 баласы каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Ноя 2019 | 534 | 0

Казакстандын Шымкент шаарында 2 бала тамакка ууланып каза болду. Бул тууралуу шаардык департаментке шилтеме жасап, жергиликтүү маалымат каражаттары жазышууда.

3-ноябрда бир аял 3 баласы менен ооруканага түшкөн. Аларга тамактан ууланды деген диагноз коюлган. Алгач инфекциялык ооруканага түшкөн үй-бүлө дарыгердин аныктамасы менен токсикологиялык бөлүмгө которулган.

Дарыгерлердин айтымында, 2 баланы куткарууга мүмкүн болгон эмес. 2015-жылы туулган бала инфекциялык ооруканада жан берген. Токсикологиялык бөлүмгө которулгандан жарым күн өтпөй 2015-жылы туулган наристеси көз жумган.

Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү билдиргендей, үй-бүлөдө газ менен ууланган белги катталган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM