Биз менен байланышыңыз

Казакстандан күйүүчү майдын качан келери белгисиз

Экономика | 6 мая 2019 | 930 | 0

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 10-15 %га жогорулайт. Бул туурасында Кыргызстандагы Нефтетрейдерлер ассоциациясынан кабарлашты. Мунун себебин Орусиядан келүүчү күйүүчү майдын баасынын кескин өсүп кетиши менен түшүндүрүшүүдө. Бирок айрым депутаттар жана серепчилер баанын көтөрүлүп жатканын жөн гана шылтоо деп белгилешет. «Жыл сайын жазгы талаа иштерин бетине кармап, кимдир бирөөлөр чөнтөгүнө мыйзамсыз акча иштеп жатат», — дегендер да бар.

Өлкөдө жазгы талаа иштери кызуу башталган учурда, «Күйүүчү майдын баасы кымбаттайт», — деген маалымат тарады. Дыйкандарды жыл сайын ойго салган бул жагдай эмнеден улам келип чыгып жатканына кызыгып, депутат Эльвира Сурабалдиевага кайрылдык. Ал Орусия күйүүчү майды Кыргызстанга экспорттоо үчүн атайын туура жана так система түзүлүшү керектигин белгилейт. Депутат да: «Эки өлкө ортосундагы кол коюлган келишимдер жазында иштебей калабы?» — деген суроо салды. Мындан улам, «Бул жерде бирөөнүн гана кызыкчылыгы үчүн күйүүчү майдын баасы жогорулап жатат», — деп эсептейт эл өкүлү.

— Жазгы талаа иштери башталып, дыйкандар кыйналып турганда, өкмөттүн «күйүүчү майдын баасын көтөрөбүз» дегени туура эмес. Бул жерде аткезчилик деген чоң суроо бар. Ошол нерсе чечилмейин иштин жолго салынышы кыйын. «Казакстандан Кыргызстанга келген арзан бензин бул жакка жетпей, чет өлкөгө чыгып кетип жатат», — деген сөздөр да жоюлбай келет. Ушундай мыйзамсыз иштерди көзөмөлгө алып, чечишибиз керек. Бул маселени биз парламентте көтөргөнбүз, дагы да көтөрөбүз.

Бул пикирди академик Жамин Акималиев да колдоп, «Дыйкандарды ар бир жазда кыйнай берген туура эмес. Эгерде күйүүчү май боюнча түзүлгөн келишимдердин ортосунда айырмачылыктар чыга турган болсо, өкмөт өзү төлөп, дыйкандарга жардам көрсөтүшү керек», — дейт.

— Жыл сайын күйүүчү майдын баасынын көтөрүлүшүнүн бирден бир себеби, өкмөт бул ишти толугу менен көзөмөлгө албай жатканынан десек болот. Өкмөт менен айыл чарба министрлиги келишим түзүп коёт, анысы кагаз бетинде эле калат. Ал эми булар кырдаалдан пайдаланып, бааны жогорулатуу аркылуу кошумча каражат иштеп алганга аракет жасап жатышат. Азыр дыйкандардын накталай акчасы жок, андыктан, аларды кыйнабашыбыз керек. Эгерде күйүүчү май жок болсо, ишти кантип жүргүзүүгө болот? 

Анткен менен, Кыргызстандагы Нефтедрейдерлер ассоциациясынын төрагасы Канат Эшатов Орусия өлкөсүнөн күйүүчү майлар кымбат келе баштаганын, буга чейин сүйлөшүүлөр бир гана күйүүчү майдын көлөмү боюнча түзүлгөнүн, ал эми баасы ар айдын башында гана белгилүү болорун айтты. Кыргызстанда майдын запасы ушул күнгө чейин сакталгандыктан, былтыркыга салыштырмалуу арзан сатылып жаткан. Өлкөдө май түгөнгөндүктөн, Орусиядан кайра алууга туура келерин кошумчалады.

— Бизде күйүүчү майдын запасы көп болчу. Кымбаттаганына карабай, мурунку баада эле сатып жатканбыз. Бирок май жок калгандыктан, Орусиядан алып келгенге аргасыз болобуз да. Негизинен, келишимдерде өлкөгө келе турчу майдын бир жылдык көлөмү гана жазылат. Ал эми баасы ар бир айдын башында гана белгилүү болот.

Күйүүчү майдын баасы учурда көтөрүлө элек, эгерде жогорулай турган болсо, бир сом гана кошулат. Бул боюнча Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди. Анын айтымында, буга чейин майдын баасы 1-2 сомго арзан болуп келген, эгерде көтөрүлүп калса, мурдагы эле калыбына келет.

— Бүгүнкү күндө дыйкандар эч кандай күйүүчү майсыз калган жок. Баа да кымбаттай элек. Эгерде кымбаттай турган болсо, анчейин деле өзгөрүү болбойт. Учурда биз арзан алып жаткандыктан, кокус кымбаттап кетсе, баштапкы баага эле теңелип калат.

Ал эми экономист Эрлан Камаловдун пикиринде, рынокто баалар ар кандай болуп турат. Бир тарапты күнөөлөө туура эмес. «Бир гана Орусия менен эле келишим түзбөстөн, башка мамлекеттер менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзсө, учурда май берип жаткан тарап бааны көтөрбөй калмак», — дейт экономист.

-Рынокто баа өйдө-төмөн болуп турат. Күйүүчү май боюнча айтсам, биз Орусия, Казакстан менен гана чектелбешибиз керек. Башка жактан да алып келүү аракетин көрсөк, ошондо баалар бир калыпта кармалып турмак.

Учурда өлкөдө күйүүчү майлардын баасы 40 сом 50 тыйындан, 48 сом 50 тыйынга чейин сатылууда.

Copyright © 2017 Maral FM