Биз менен байланышыңыз

Сурабалдиева: Балдардын билим алуусуна жана саламаттыгына өзгөчө көңүл бурулат

Кыска кабар | 12 Дек 2020 | 2371 | 0

Коронавирустук инфекция пандемиясынын шартында аймактардагы балдардын жана жаштардын билим алуу жана саламаттыгын сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Бул туурасында вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагын өткөрүү боюнча конкурстук комиссиянын кеңешмесинин жүрүшүндө билдирди.

Ал сынактын Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында ишке ашырылып жатканы да символикалык мааниге ээ экендигин белгиледи.

Ал кошумчалагандай, региондук саясатынын Концепциясынын негизинде аймактарда билим берүү, саламаттык сактоо, балдарды коргоо, спорт тармагындагы программалары дагы ишке ашырылат.

«Ошондуктан  «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» долбоорун балдардын жана жаштардын демилгелерин колдоо программасы катары карасак болот. Сынактын баалоо индикаторлору катары жергиликтүү деңгээлдеги чечимдерди кабыл алуу процессине жаштардын катышуусу, жаштардын эс алуусу, маданияты жана өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү, коопсуздук маселелери, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана турмуштук оор жагдайда турган үй-бүлөлөргө жардам берүү саналат. Пандемия шартында билим берүү жана саламаттыкты сактоо маселелери өтө маанилүү болуп эсептелет», — деди Сурабалдиева.

Сынак Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн демилгеси менен өткөрүлүп, аны Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги, Улуттук стратегиялык изилдөө институту, БУУнун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) жана коомдук уюмдар менен биргеликте өткөрүүдө. Сынакка өлкөнүн 18 шаары катышууда.

Сынактын байге фонду:

1-орун – 3 млн сом;

2-орун – 2 млн сом;

3-орун – 1 млн сом.

Ошондой эле жыйынтык баалоо боюнча эң жогорку упай топтогон 10 шаарга «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» наамы берилет.

Copyright © 2017 Maral FM