Connect with us

Темирканова: «Келин на час» кызматын мамлекеттик жумушта иштеп жүрүп ачтым

Без рубрики | 19 Май 2019 | 14350 | 0

Марал радиосунун «Бизнес клуб» программасы — ийгиликке шыктандыруучу уктуруу. «Бизнес клуб» — жаратмандардын жакшы иштерин жар салат. «Бизнес клубда» биздин күндүн каармандары ийгилик сырларын бөлүшөт. Андыктан, «Бизнес клуб» программасы менен бирге болуңуздар. Программанын бул жолку коногу — «Келин на час» агенттигинин жетекчиси Индира ТЕМИРКАНОВА. 

Ачылуубузга аш-тойдун көптүгү себеп болду

2013-жылы чоң бүлөнүн улуу келини болуп бардым. Улуу келин болгондон кийин, жамандык-жакшылыктардын баарына барышың керек, кайын журтка кызмат кылышың керек. Билесиздер, той-топурда тун келин болбосо болбойт. Жума сайын той-аш. Жума сайын Бишкектен Тоңго жөнөмөй. Анын үстүнө, ал убакта мамлекеттик кызматта иштечүмүн. Анан: «Менин ордума бирөөлөр болсо, аларга андай кыласыңар, мындай кыласыңар деп жөнөтүп коюп турсам», — деген кыялдануу башталды. Ошол кыялым  2014-жылы ишке ашып, ушул компанияны ачтым.

Албетте, ачканда эле компания болуп түзүлө калган жокпуз. Дегеним, алгач ишти курбум менен баштагам. Анын себеби, ал — кесипкөй ашпоз. «Мага ушундай идея келип жатат, баштап көрбөйлүбү?» — десем, «Макул, мен жардам берейин, бирок кандай болуп кетерин алдын ала айта албайм», — деп, биринчи, экинчи тапшырыкка жардам берди. Тилекке каршы, иштеген иши бар эле, «Бул жумушумду таштай албайм, башка ашпоз тап», — деп чогуу иштешүүдөн баш тартты. Балким, иштин андан ары өнүгүп кетишине көзү жетпеди көрүнөт.

Негизи бизнеске кирерде бардык нерсени алдын ала сүйлөшүп алыш керек экен. Бир чети туура эле болду, себеби, ал убакта жаңы башталгандыктан, талашып-тартыша турган эч нерсе жок эле.

Эң биринчи тапшырыкты Түп районунан алдык. Алгачкы кирешебиз эки миң сом болду. Ошентип, уланып кетти. Андайын жарнамаларды бере баштадык. Август айында баштанбыз. Күз болгондонбу, же кызмат баабыз өтө төмөн болгондонбу, тапшырыктар аябай көп келген. Түшкөн каражатты кайра эле өзүнө жумшап жатып, тикелеп кете алдык. Ал кезде мындай компаниялык кызмат көрсөтүү жок эле, биз алгачкылардан болдук. Учурда компанияда 28 адам эмгектенет.

Так планың болбосо, ишиңдин алга жылышы кыйын

Өзүмдү өнүктүрүү максатында тренингдерге, ар кандай семинар, көргөзмөлөргө катышып турам. Бул бизнес чөйрөсүн түшүнүүмө аябай эле жардам берди. Анткени, биринчиден карапайым үйдүн кызымын. «Жардам бере калгыла, чогултуп бере калгыла», — дегидей беделдүү, оокаттуу тууганым деле жок. Экинчиден, бул чөйрөгө жогоруда айткандай, таптакыр башка чөйрөдөн, тактап айтканда, мамлекеттик кызматтан келдим.

Албетте, биздин бизнес аялзатына көбүрөөк жакын болгондуктанбы, кыйынчылыктарды көп деле сезген жокмун, тескерисинче, ошол аял болгонум жардам берди. Себеби, биз майда-баратына чейин так эсептеп алганды жакшы көрөт эмеспизби.

Дегеле, ишкер эркек менен ишкер аялдын ортосундагы айырма: аял кишинин мойнундагы жүк көбүрөөк болот. Мисалы, сен ишкер болдуң деп үйдүн жоопкерчилигин мойнуңдан алып койбойт. Бала багуу, үй түйшүгү дегендей, биринчи кыйынчылыгы ушул. Экинчи кыйынчылык, салттуу бизнесте эркектерге көбүрөөк артыкчылык берилет.

Айта кетерим, жеке сапаттарың канчалык күчтүү болсо, бизнесиңдин өнүгүүсүнө аябай чоң жардам берет. Эгер үч сөз менен сыпаттасак: тайманбастык, өжөрлүк, анан ырааттуулук.

Дегеле, ушул ырааттуулук боюнча эгер уруксат берсеңер, ишин жаңыдан баштап аткандарга кеңеш катары айта кетейинчи, биз ишти баштагандан жарым жылдан кийин кредит алууга туура келди. «Ишкерликти өнүктүрүү» фондунда «Мен Кыргызстанга инвестиция салам» аттуу долбоор башталып калды. Ошол долбоордун негизинде 24 % менен 200 миң сом кредит алганбыз. 200 миң десе, аябай чоң акча көрүп, сүйүнүп алып кетип калыптырбыз. Бирок, төлөөгө келгенде аябай эле тоскоолдук жаралды.

Эмне себептен дегенде, биринчиден кредит алып атканда, так ордун билиш (бизнес-план) керек экен. Ордун аныктагандан кийин, маселен, «Мен ушул ишке 200 миңди салсам, канча убакытта кайра 400 миң болуп кайтат?» — деген багыттуу түшүнүк болушу керек экен. Анткени, кыргызбыз да, акча чөнтөккө киргенден кийин кытыгылап баштайт. Дегеним, эсебибиз так болбогондуктан, көздөгөнүбүздүн 70 эле %ын максаттуу сарптаганбыз. Албетте, ал кезде каржылык сабатым азыркыдай эмес болчу. «Аа, ушундай экен», — деп эле салып жибергем.

Экинчиден, өтө эле көп үстөк пайыз менен алып коюптурбуз. Бул кайра төлөөгө келгенде, арбын эле кыйынчылык жаратып коёт экен. Стартапта турган ишкерлерди колдоо үчүн максимиум 10 % менен берилсе, менимче, жаман болбойт эле.

А бирок, жогоруда атаган фонд биздин капиталдашуубузга (каражатты кирешеге айландыруу. – ред.) жакшы жардам берди. Дегеним, кредит бергенден сырткары, мекеменин үч кызматкерин жиберишкен. Алар бизди даярдап, 12 стартап (ишин жаңы баштагандар – ред.) компания менен биргеликте, ишкерлер чөйрөсүнө ачылышыбызды жасап беришти. Ошол күнү долбоорубузга үч инвестор кызыгып, алардын бирөөсү биз менен иштешип жатат. Учурда компаниянын 25 % акциясына ээлик кылат.

Ишкерлердин көйгөйү 

Кыргызстандагы экономиканын 50 %ы көмүскөдө. Себеби, салык 25-27 %. Ачыгын айтайын, эсептеп көрсөм, тапканыбыздын көбү салыкка кетип калат экен. Андан тышкары, ички чыгым деген сыяктуулар бар. Ошентип отуруп, бизге болбогон эле сумма калат. Бул нерсе штатты кеңейтүүгө аябай эле тоскоолдук жаратат. А штатты кеңейтиш үчүн аргасыз көмүскө экономикага барууга туура келет. Эгерде мамлекет тарабынан салык бир аз азайтылса, анан жеңилдетилсе, мүмкүн ачыкка чыгып эле төлөнө бермек.

Экинчиден, башка өлкөлөргө салыштырмалуу, бизде ишкерлик салыктан түшкөн киреше 52 %ды түзөт. Бул абдан чоң сумма болуп жатпайбы. А өнүккөн мамлекеттерде ишкерликтен түшкөн киреше 40-50 %, ошол эле убакта алар мамлекет тарабынан жасалган камкордукту ачык көрүп турушат. А бизде андай нерсе жок. Мындан улам, «Биз ушунча салык төлөйбүз, а мага мамлекет тарабынан мага кандай пайдасы тиет? Мен эмнеге төлөп жатам?» — деген суроолор көп болуп жатат да.

Маселен, мен жеке ишкер катары төлөп жаткан акчаларым каякка кетип жатканын айкын билсем, көбүрөөк болсо деле төлөмөкмүн. Мурун патент менен иштегенде, социалдык фондго барып төлөчүбүз, алар бизге бир барак берип койчу, анысы да кичине мандемдүүрөөк сезилчү. Азыр банкка төлөйбүз, андыктан, аз да болсо, ишеним арта баштадык.

Ал эми ыгы жок текшерүүлөр боюнча айтсам, биздин тажрыйбада майда-чүйдөсүн эске албаганда, анчалык чоң текшерүүлөр боло элек. Менимче, документ ишине так болсоң, андай көйгөй жаралбайт. Буга чейин стартапта туура эмес жагдайлар болуп кеткен. Ошондон кийин, «айранды үйлөп ичип» калгам. Азыр бизди көзөмөлдөп, каржылык божомол, анализдерди жүргүзүп берип турган бухгальтердик кеңешчи-машыктыруучу уюм бар. Анын үстүнө, ишибиздин баарын электрондук вариантка өткөргөнбүз. Мындан улам, бизге көбүрөөк жеңил болуп калды.

Ишибиз тууралуу маалымат жана жумушчуларга талап

Негизги ишибиз үйгө чакырылган коноктордун дасторконун тейлөө. Андыктан, кафе-ресторандардагы ашпоз-тейлөөчүлөрдөн айырмабыз аябай эле чоң. Айталы, ресторанда алдын ала даярдап (заготовка) алышат. А бизде кардардын үйүнө барып, ар бир тамакты тарта турчу убактысына камдап беребиз. Мындан улам, ишибиз кээде 10-12 саатка чейин созулуп кетет. Ошол эле учурда, ресторандын ашканасы жабык болот, ашпоздун эмне кылып жатканын конок билбейт деле. А биздин иш үйдө болгондуктан, коноктор менен кошо аралашып жүрүшкө туура келет. Дегеним, мындай жерде ар кандай кырдаал жаралып, психологиялык басым да жасалып кетиши мүмкүн. Психологиялык басым дегенде, жасаганыңды жактырбай, акыл үйрөткүсү келгендер болот, кээде ошол үйдүн келининде кызганыч пайда болушу мүмкүн дегендей. Демек, компанияда иштегендер бардык жагдайга даяр болушу керек.

Дегеле, бизге келген ашпоздордун көбү он-он беш жылдык тажрыйба менен келишет. А бирок, алар кафе-ресторандардын иштөө тартибине көнүп калгандыктан, бул ишке адаптация алдырыш үчүн атайын окуудан өткөрөбүз. Бардык процесстерди жазып берип, аларды так аткаруусун талап кылабыз. Официант кыздарды да окуудан өткөрөбүз.

Бизде төрт багытта жумушка орношсо болот: административдик топко; ашпоздукка; официанттыкка; анан идиш жууганга.

Ашпозчулукка билимдүү, тажрыйбалуу, жашы 28ден 45 жашка чейинки аялзатын алабыз. Ал эми официант кыздар 18ден 25 жашка чейин болушу керек. Идиш жууганга 25тен 35 жашка чейинки кыз-келиндерди алабыз. Кардарларыбыздын басымдуу көпчүлүгү кыргыздар болгондуктан, сөзсүз түрдө кыргыз тилде так сүйлөшү керек. Анан жалпы улуттук да, жергиликтүү да каада-салтты жакшы билиши кажет.

Маекти алып барган: Жогорку Кеңештин депутаты Элвира СУРАБАЛДИЕВА 

Copyright © 2017 Maral FM