Биз менен байланышыңыз

Сурабалдиева: Кудайбердиева элге жасаган мамилесин оңдошу керек

Күн чекит | 4 Июл 2019 | 1071 | 0

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кызматынан четтетүүгө негиз жок. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жыл жыйынтыгына карата уюштурулган маалымат жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. Бирок буга чейин парламентте эл өкүлдөрү Кудайбердиеванын отставкасын талап кылып келишкен. Себеби, ката жазылган аттестат жана китептерди мисалга алып, өзүнө дагы суроолор берилген. Биз «Күн чекит» программасында Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева менен маек курдук.

— Эл өкүлдөрү, коомчулук Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын отставкасын талап кылып жатышат. Бул чечимге бир гана аттестаттан табылган ката негиз болушу мүмкүнбү, же башка дагы себептери барбы?

— Мен буга чейин деле Билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиевага карата көп эле сын айтып келгем. Маселен, «Ката басылган китептердин чыгымын айтып бериңиз?» — десем, ал: «Эч кандай бюджеттен каражат кеткен жок, бардыгы гранттык акча», — деп жооп кайтарган болчу. Каяктан мамлекеттин акчасы эмес? Каражат расмий түрдө коротулгандан кийин, сөзсүз бюджеттин акчасы болуп саналат да. Бул — жөн эле элди алдоо! Мындан сырткары, балдарыбыз жарым жылдан ашык китептери жок күн кечиришти. Мындай болбошу керек эле. Өткөндө Новопавловканын мектебине барып, элди кагып-силкип, бой көтөрүптүр. Мындайга жол берүүгө болбойт! Министр эл менен иштейт! Акыркы убактарда «Ашыкча эркелетип ийдиңер», — деген пикирлер көп айтыла баштады.

— Китептердеги каталарга, деги эле бул системага балким, мурунку адамдардын тиешеси бардыр, же бир гана учурдагы министр күнөөлүбү?

— Жок. Эгерде каталар туурасында айтсам, мындай мүчүлүштүк биринчи эле жолу эмес, буга чейин деле катталбады беле. Ошондо эле күнөөлүүлөрдү таап, жазасын берип, бир жыйынтык чыгарыш керек эле. Андай кадамдар деле болгон жок. Өзүнүн бир жакшы сөзү бар эмеспи, «Бир ката үчүн эмне болуп жатасыңар?» — деген. Булар үчүн бир ката маани деле ойнобойт окшойт го? Дагы бир нерсени кошумчалай кетейин. Мугалимдерди эзип иштетет экен. Майрамдарда иштебей калса, эс алуу күндөрүндө каяктагы бир отчетту жаздырат экен. Мугалимдерге чыгармачылык эргүү деген керек да. Тилекке каршы, окутуучуларда андай шарт жок.

— Мисалдарды келтирип жатасыз. Буга чейин да социалдык баракчаларыңызга жазып чыктыныз эле. Ага карабай дале кызматта отурат. Мындан улам, сурайын дегеним, артында колдоп турган адам болушу мүмкүнбү?

— Албетте бар да. Парламентте билим берүү тармагына атайын комиисия түзүлүп, иш алып барыла баштаганда эле, ар бир депутаттын иш бөлмөсүнө кирип алышат. Ушунча каталар болгондон кийин мурун эле башкача чаралар көрүлмөк. Бирок андай кадамдын жыты да жок. Артында ким турарын билбейт экем, а бирок таап элге сөзсүз айтам. Бирөөнүн кемчилигин айтсаң эле, «Өчөшүп же дагы башка кызыкчылык болуп жатат», — деп ойлошот. Мен так кесе эле айтам, андай планым да жок.

— Бул курч сын-пикирлерден кийин министрдин отставкага кетүүсү керекпи?

— Эгерде уяты бар адам болсо, бул кадамга эчак эле бармак. Бирок андай болбой  жатат. Кыргызстанда мындай каталар үчүн эмес, башка багыттагы иштердин арты менен кеткендер бар. «Отставкага кетиши керек», — деп, мен так кесе эле айта алам. Иштегенди билген адам чет мамлекетте эс алып жүрбөйт да. Башка жактарда лекция окуп жана башка ушул сыяктуу иштерди кылып жүрөт экен. Министр деген эл менен иштеп, көйгөйдү чечиш керек. Ошондо бир жыйынтык чыгат.

Copyright © 2017 Maral FM