Биз менен байланышыңыз

Каныбек Исаков Билим берүү жана илим министри болуп дайындалды

Кыска кабар | 11 Сен 2019 | 985 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-сентябрда кол койгон Жарлыкка ылайык, Каныбек Исаков Билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Билим берүү жана илим министри кызматына сунушталып жаткан Каныбек Исаковдун талапкерлигин карап, 107  добуш менен токтом кабыл алышкан.

Буга чейинки Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева сентябрдын башында кызматтан алынган. Андан кийин өкмөт башчы бул кызматка Каныбек Исаковдун талапкерлигин сунуштаган.

Акыркы учурда Билим берүү жана илим министрлигине карата коомчулук тарабынан сындар күчөгөн. Өзгөчө Нарын облусундагы убактылуу контейнер мектептин ачылышы социалдык тармактарда катуу сынга алынган.

Каныбек Исаков буга чейин ОшМУнун ректору болуп иштеп келген.

 

Copyright © 2017 Maral FM