Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Ысык-Көл облусунда көчмө жыйын өткөрдү. Комитеттин мүчөсү Эльвира Сурабалдиева улутташтырылган «Золотые пески», «Рохат», «Дилором», «Витязь» пансионаттарынын акыбалы кейиштүү экенин өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. Биз бул теманын тегерегинде депутаттын өзү менен түз эфирден маек курдук.
— Ысык-Көлдөгү пансионаттардын абалынан кабар алыптырсыздар. Ушул боюнча маалымат бере кетсеңиз…
— Пансионаттардын абалын көрүп, аябай ачуум келди. Мынчалык шалаакы мамиле кылган жетекчилерден пайда жок. Он жыл мурда дүңгүрөгөн пансионаттардын түбүнө жетип, акыры кемирип бүттүк. Салык – минус. Бул пансионаттарды бир нече жылдан бери жыргатпаган мамлекет иштетем деген инвесторго тапшырбаса, киреше күткөн бюджет да, жергиликтүү калк да жалдырап бүтүштү. Комитет барып, жаңы шайланган жетекчилер менен жолугуп, бардык көйгөй менен жакындан таанышып келдик. СССР убагында дүңгүрөп турган пансионаттар азыр кейпи кеткен, абалы абдан начар. Биз тиешелүү адамдар менен жолуктук, көйгөйдү уктук, эми бул боюнча атайын иш алып барабыз.
— Пансионаттардын мындай абалга келишине менеджерлердин начар иштеши түрткү болгон жокпу?
— Жакшы менеджерди коюп иштете алган эмес. Карызга да батып калган экен. Маселен, мурда иштеп кеткен кызматкерлер биздин көзүбүзчө айлыктарын сурап жатышат. Ооба, бул нерсеге начар менеджердин да таасири бар. Биз да бир катар сунуштарды бердик. Айталы, мурда жетекчи шайлаардан мурун анын кандай иштерди жасаганын, кандай ийгиликтерди жарата алганын иликтеп чыгышчу. Бир сөз менен айтканда колунан бир нерсе келе турган адам барчу. Учурда да ушул маселе каралышы керек. Бут астыбызда жаткан миллиондогон акчаларды тебелеп жатабыз. Түшкөн салыктар пенсияга, жөлөк пулга кетмек да. Пансионаттардын акыбалын көрүп, биз менен барган депутаттар да таң калышты.
— Мындан башка да кандай себептерин көрө алдыңыз?
— Менеджменттен сырткары инвестиция маселеси да көтөрүлүп жатты. «Бюджетте иштетүүгө каражат жок болсо, ишенимдүү инвесторго берилиши керек», — деген да сунуштар айтылды. Бирок бул жерде тендер, сынактар ачык-айкын өтмөйүн, инвестордо да ишеним болбойт. Аны менен катар эл арасында да ишеним болбойт. Бул маселенин артында салык маселеси да турат. Министр да барды, көрдү, түшүндү. Мен ойлойм, маселе бир нукта чечилет. Анан да чоң инвестиция кылыш үчүн, чоң суммадагы каражаттар керектелет. Менин билишимче, Өзбекстандан кайтарылып алынган пансионаттар эч кандай инвестиция тартышкан эмес. Бирок ошол кезде алар иштеткен. Буга чейин парламентте да бул маселе көтөрүлүп, мамлекеттик пансионаттарды сатуу боюнча маселе козголгон. Бирок бул ишке ашпайт. Биз мындай жол менен маселени чечпейбиз. Анткени, эл бизге ишенбей калган. Өзүлөрүнө карап сатып жатат деген ой кетет. Ошондуктан, муну Жогорку Кеңештин жыйынына алып чыгып, мыйзам чегинде гана чечкенге болгон аракетибизди жумшайбыз.