Биз менен байланышыңыз

Чемпиондор Лигасы: «Барселона» — «Ливерпуль» беттешине Бьорн Куйперс калыстык кылат

Кыска кабар , Спорт | 29 Апр 2019 | 952 | 0

Европа футбол уюму (УЕФА) Чемпиондор Лигасы мелдешинин «Барселона» — «Ливерпуль» командаларынын жарым финалдык беттешине калыстарды дайындады. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтына жарыяланды.

Испания менен Англия командаларынын биринчи жарым финалдык беттешин голландиялык Бьорн Куйперс башында турган калыстар тобу тейлейт.

Ага Марио Дикс жана Эрвин Зейнстра, грек калыс Тасос Сидиропулос көмөктөшөт.

Видеоассистент кызматын Данни Маккели жана Пол ван Букел аткарат.

Чемпиондор Лигасынын «Барселона» — «Ливерпуль» атаандаштыгынын биринчи беттеши Каталониядагы «Кемп Ноу» футбол талаасында 1-май күнү болот.

Беттеш Бишкек убактысы боюнча түнкү бирде башталат.

Copyright © 2017 Maral FM