Биз менен байланышыңыз

Испания бийлиги коронавируска эксперименттик концерт өткөрдү

Испания бийлиги коронавирустун жайылышына эксперимент жасоо үчүн Барселона шаарында 5 миң кишиге концерт койду. Бул тууралуу «Рейтер» маалымат агенттиги жазды.

Концерттик залга киргенге чейин бардык коноктор COVID-19 үчүн экспресс-тест тапшырып, беткап кийип, бирок аралыкты сакташкан эмес.

Пандемия башталгандан бери бул Европадагы ушул сыяктуу окуялардын рекорду болуп саналат. Ал эми келгендердин ден соолугу бир ай бою көзөмөлдөнөт. Уюштуруучулар муну менен коопсуздук чараларын сактап, пандемия учурунда деле оюн-зоок уюштурса болорун далилдөөнү максат кылышкан.

Copyright © 2017 Maral FM