Биз менен байланышыңыз

“Барселона” клубунун президенти менен машыктыруучусу жаңыланат

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 18 Авг 2020 | 926 | 0

Барселонада президенттик шайлоо 2021-жылы 15-мартта биринчи оюн күнү өтөт. Бул тууралуу футбол клубунун сайты жазды.

Азыр клубдун президенти — Жосеп Мария Бартомеу.

Эскерте кетсек, 14-августта Лиссабондо “Барселона” Чемпиондор Лигасынын чейрек финалында “Бавариядан” утулуп, турнирдеги күрөштү аяктады. Клуб ушул сезондо бир дагы кубокту жеңип алган жок.

Буга чейин Кик Сетьен Барселонанын башкы машыктыруучусу кызматынан кеткени белгилүү болду. Сетьен ушул жылдын январынан бери Барселонаны жетектеген. Анын жетекчилиги менен клуб Испания чемпионатында экинчи орунга ээ болгон.

Эми клубдун жаңы машыктыруучусу жакын арада белгиленет.

Copyright © 2017 Maral FM