Биз менен байланышыңыз

Чемпиондор Лигасы: Барселона, Ливерпуль чейрек финалда

Кыска кабар , Спорт | 14 Мар 2019 | 840 | 0

Европа футбол уюмунун Чемпиондор Лигасынын чейрек финалдык баскычына өткөн бардык командалары аныкталды.

Кечээ испаниялык Барселона өз үйүндө Франциянын Лион клубун кабыл алып 5-1 эсебинде утту. Эки апта мурда Франциядага беттеш 0-0 менен аяктаган болчу.

Ал эми Англиялык Ливерпуль Германиянын Бавариясына конокко барып 1-3 эсебинде утуп кайтты. Бул эки жуптун биринчи беттешинде 0-0 тен чыгуу болгон.

Чемпиондор Лигасынын чейрек финалына буга чейин «Тоттенхэм» (Англия), «Аякс» (Голландия), «Манчестер Юнайтед» (Англия), «Порту» (Португалия), «Манчестер Сити» (Англия), «Ювентус» (Италия) командалары чыгышкан.

Copyright © 2017 Maral FM