Биз менен байланышыңыз

«Ливерпуль» Чемпиондор Лигасынын финалына чыкты

Кыска кабар , Спорт | 8 мая 2019 | 946 | 0

Англиянын «Ливерпуль» клубу Европа футбол уюмунун (УЕФА) Чемпиондор Лигасынын финалына чыкты.

«Энфильд» талаасындагы беттеште Юрген Клопптун балдары Испаниянын «Барселона» командасын 4:0 эсебинде жеңип алды. Бул беттеш биринчисинде 3:0 эсебинде утулган «Ливерпульдун», экинчи беттеште Салах, Фермино, Кейта сыяктуу көзгө басар оюнчулары жок жеңген мыктылыгы менен тарыхта калары шексиз.

«Ливерпулдан» Дивок Ориги менен Жоржиньо Вейналдум экиден гол киргизди. Ушуну менен Ливерпуль  удаасы менен эки жыл Чемпиондор Лигасынын финалына чыкты. Анын финалдагы атаандашы бүгүнкү «Аякс» — «Тоттенхэм» беттешинин жеңүүчүсү болмокчу.

УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын быйылкы финалдык оюну 1-июнда Испаниянын Мадрид шаарындагы «Ванда Метрополитано» футбол талаасында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM