Биз менен байланышыңыз

«Барселона» 74 жылдан бери эң ири эсепте утулду

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 15 Авг 2020 | 547 | 0

Испаниянын «Барселона» клубу УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешинин чейрек финалында германиялык «Бавария» командасына 8:2 эсебинде утулду. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазды.

Мындай көрүнүш каталониялык команданын 74 жылдан бери эң ири эсепте утулган оюну болду. Акыркы ирет «Барселонанын» дарбазасына сегиз гол кирген учур 1946-жылы катталган. Анда Испаниянын кубогу үчүн болгон мелдеште «Севилия» 8:0 эсебинде уткан.

«Барселона» буга чейин 1931-жылы өлкө чемпионатында «Атлетик» клубуна 12:1 эсебинде, 1940-жылы «Севилияга» 11:1 эсебинде утулган. 8:2 эсеби менен эки ирет, 1935 жана 1943-жылдары Испания кубогунда мадриддик «Реал» клубуна жеңилген.

2020-жылдын 14-августунда өткөн Чемпиондор лигасында «Бавария» менен беттеши «Барселонанын» тарыхында Европа кубогу үчүн күч сынашуусундагы эң ири эсептеги жеңилүү болду.

Copyright © 2017 Maral FM