Биз менен байланышыңыз

«ПСЖ»ны уткан «Бавария» 6-ирет чемпион болду

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 24 Авг 2020 | 603 | 0

24-августка караган түнү Лиссабондо Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын финалдык оюну өттү.

Финалда Франциянын «ПСЖ» командасы менен Германиянын «Бавария» командасы беттешти. Оюндун биринчи бөлүгүндө эсеп ачылган жок.

Оюндун экинчи бөлүгүнүн 59-мүнөтүндө эсеп саны ачылды. Чечүүчү голду «Бавариянын» оюнчусу Кингсли Коман киргизди. Ал беттештин мыкты оюнчусу деп табылды.

Мюнхендик «Бавария» ушуну менен өз тарыхында УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешин алтынчы ирет утту. Башкы машыктыруучу Ханс-Дитер Фликтин шакирттери бул мелдештеги бардык 11 оюнду жеңип, өзүнчө рекорд жаратуу менен чемпион болду.

«Бавария» эми Европа лигасы мелдешин уткан испаниялык «Севилья» клубу менен УЕФАнын Суперкубогу үчүн ойнойт. Беттеш Будапешт шаарында 24-сентябрга белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM