Биз менен байланышыңыз

Чемпиондор Лигасынын чемпиону бүгүн аныкталат

Спорт | 1 Июн 2019 | 562 | 0

Бүгүн 1-июнь, футбол боюнча эң беделдүү аталган Чемпиондор Лигасынын 2018/2019 сезонунун жеңүүчүсү белгилүү болот.

Финалдык оюнда Англиялык командалар “Тоттенхем” менен “Ливерпуль” беттешет.

Оюн Мадриддеги “Ванда Метрополитано” стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 01:00 башталат.

“Ливерпуль” жарым финалдык беттештерде испаниялык “Барселона” менен кез келип, жалпы 4:3 эсеби менен утуп финалга жолдомо алган.

Ал эми Маурисио Почеттино жетектеген “Тоттенхем” нидерландык “Аяксты” 3:2 эсеби менен утуп финалда ойноо укугуна ээ болгон.

Чемипиондор Лигасынын кубогун өткөн сезондо испаниялык “Реал Мадрид” алып кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM