Биз менен байланышыңыз

Чемпиондор Лигасы: 1/8 финалдагы атаандаштар аныкталды

Кыска кабар , Спорт | 16 Дек 2019 | 731 | 0

Бүгүн Швейцариянын Ньон шаарындагы УЕФАнын штаб-квартирасында быйылкы Чемпиондор Лигасынын 8/1 финалына чүчүкулак ташталды. Анын жыйынтыгы менен былтыркы чемпион, англиялык Ливерпуль Испаниянын Атлетико Мадрид клубу менен кез келе турган болду. Чемпиондор Лигасынын 13 жолку жеңүүчүсү Мадриддик Реал – Англиянын чемпиону Манчестер Сити менен күч сынашат. Ал эми былтыркы финалист Лондондук Тоттенхэм Германиянын «РБ Лейпциг» клубу менен ойнойт.

Калган жуптар:

«Боруссия» Дортмунд – «ПСЖ»

«Аталанта» – «Валенсия»

«Челси» – «Бавария»

«Лион» – «Ювентус»

«Наполи» – «Барселона»

Чүчүкулак тартууда тайпада жеңүүчү 8 команда өзүнчө бөлүнүп, тайпада экинчи орундагы 8 команда тандалды.

8/1 финалда тайпада бөлүнгөн (сеяные) командалар жооптук беттешти өз үйүндө ойношот.

Биринчи беттештер 18-, 19-, 25- жана 26-февраль күндөрү өтөт. Ал эми жооптук оюндар 10-, 11-, 17- жана 18-мартта болот.

Эскерте кетсек, Чемпиондор Лигасынын өткөн жылкы мелдешин Англиянын Ливерпуль клубу утуп алган. Юрген Клопп башында турган мерсисайддыктар финалда лондондук Тоттенхэм Хотспурду утуп алышкан.

Copyright © 2017 Maral FM