Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын Дүйнө чемпионатынын тандоо турундагы атаандаштары аныкталды

Кыска кабар , Спорт | 17 Июл 2019 | 1036 | 0

Бүгүн футбол боюнча Кыргызстан курамасынын 2022-жылы өтүүчү Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылдагы Азия Кубогу үчүн тандоо турундагы атаандаштары аныкталды.

Кыргызстан улуттук курамасы Жапония, Тажикстан, Мяньма жана Монголия курамалары менен бирге «F» тайпасына жайгашты.

Бүгүн Малайзиянын борбору Куала-Лумпур шаарында Азия футбол конфедерациясынын штаб-квартирасында чүчүкулак тартуу салтанаты болуп өттү.

Тандоо турунун жыйынтыгы менен тайпадан биринчи орунду ээлеген 8 команда жана экинчи орунду алган мыкты көрсөткүчү бар 4 команда 2023-жылы өтүүчү Азия Кубогуна жолдомо алат. Ошондой эле, Дүйнө биринчилигине жолдомо алуу боюнча тандоо турундагы күрөшүн улантат.

Кыргызстан курамасы буга чейинки Дүйнө жана Азия Кубогуна тандоо турунда өз тайпасында экинчи орунду камсыздап, 2018-жылдагы Азия Кубогунун плей-офф баскычына чейин жеткен.

Copyright © 2017 Maral FM