Биз менен байланышыңыз

«Барселона» – «Ливерпуль» оюну 2019-жылда эң көп көрүүчү кирген беттеш болду

Кыска кабар , Спорт | 4 Янв 2020 | 822 | 0

Transfermarkt порталы 2019-жылы күйөрмандар көп кирген футболдук беттештердин тизмесин жарыялады. Анда Испаниялык «Барселона» өз үйүндө Англиялык «Ливерпуль» клубун кабыл алгандагы беттеш биринчиге чыкты. Беттеш Европа футбол уюмунун (УЕФА) Чемпиондор Лигасы мелдешинин жарым финалында «Камп Ноу» стадионунда 1-майда өтүп, ага 98 299 күйөрман кирген. Оюн 3:0 эсебинде талаа ээлеринин жеңиши менен аяктаган. Каталондуктардан Луис Суарес менен команда капитаны Лионель Месси гол киргизишкен.


УЕФА Чемпиондор Лигасы: Барселона — Ливерпуль 3:0


Эскерте кетели, бул жарым финалдын биринчи беттеши болгон. 7-майдагы жооптук беттеште Ливерпуль 4:0 эсебинде утуп, кийинки баскычка чыгып, андан ары мелдешти жеңип алган.


«Ливерпуль» Чемпиондор Лигасынын финалына чыкты


Тизмеде 88 000 күйөрман кирген Түштүк Африкалык «Кайзер Чифс» — «Орландо Пайретс» («Соккер Сити», Йоханнесбург, 9- ноябрь) командалардын беттеши экинчи сапка жайгашкан.

18-майда Лондондогу айтылуу «Уэмбли» стадионунда  85 854 күйөман кирген «Манчестер Сити» — «Уотфорд» беттеши алдыңкы үчтүктү толуктады. 81 365 көрүүчү кирген Германиянын Боруссия Дортмунд клубунун өзүнүн “Сигнал Идуна Парк” талаасында өткөн бир канча беттеши 4-орунга жайгашты.

Андан ары:

  1. “Реал” — “Барселона” (“Сантьяго Бернабеу”, Мадрид, 27-февраль) — 80 472 көрүүчү.
  2. Жыл ичиндеги бир канча беттештер (“Азади”, Тегеран) — 80 000 көрүүчү.
  3. Франция — Албания (“Стад де Франс», Сен-Дени, 7-сентябрь) — 78 000 көрүүчү.
  4. “Милан” — “Интер” (“Сан-Сиро”, Милан, 17-март) — 77 749 көрүүчү.
  5. Германиялык Бавариянын жыл ичиндеги бир канча беттештери (“Альянц Арена”, Мюнхен) — 75 000 көрүүчү.
  6. “Герта” — “Боруссия” Д (“Олимпиядалык стадион”, Берлин, 16-март) — 74 667 көрүүчү кирген.

Copyright © 2017 Maral FM