Биз менен байланышыңыз

УЕФА Чемпиондор Лигасы: Барселона — Ливерпуль 3:0

Кыска кабар , Спорт | 2 мая 2019 | 769 | 0

Европа футбол уюмунун (УЕФА) Чемпиондор Лигасынын жарым финалдык беттешинде испандардын «Барселонасы» өз талаасында Англиянын «Ливерпуль» клубун 3:0 эсебинде утту.

Беттештин 26-мүнөтүндө Каталониялыктардын чабуулчусу Луис Суарес оюн эсебин ачты. Ал эми Лионель Месси 75- жана 83-мүнөттөрдө гол киргизип, жалпы эсепти 3:0гө жеткирди.

Бул командалардын жооптук беттеши 8-майда Ливерпульдун «Энфилд» стадионунда болот.

Буга чейин «Тоттенхэм» өз талаасында «Аякс» клубуна 0:1 эсебинде утулуп калган. Жалгыз голду беттештин 15-минутасында Донни Ван де Бек киргизген.

Жооптук оюн 7-майда Аякстын «Йохан Кройф Арена» стадионунда өтөт.

УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын быйылкы жылдагы финалдык оюну 1-июнда Испаниянын Мадрид шаарындагы «Ванда Метрополитано» футбол талаасында болот.

Copyright © 2017 Maral FM